БШК: ЖК депутаттыкка талапкерди мечитте үгүт жүргүзгөнү үчүн айып салды

Диний жайларда, мектептерде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана бала бакчаларда үгүт жүргүзүүгө болбойт, деп билдирди Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев радионун эфиринде.
«Кечээ биз Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин бири мечитте үгүт жүргүзгөнү тууралуу маалыматты карадык. Үгүт болгону тастыкталган жок, бирок саясий темада сөз болгон. Ал жарандарды шайлоого катышууга чакырганын мойнуна алды, бул саясий чакырык. Ошондуктан бул талапкерге айып салууну сунуштадык», — деди ал.
Анын айтымында, мечитте үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Айып пул 17,5 миң сомду түзөт. «Эгерде талапкер БШКдан эки эскертүү алса, анда анын каттоосу жокко чыгарылып, шайлоодон четтетилет.
Мыйзам бузуулардын башка түрлөрү да бар, мисалы, шайлоочуларды сатып алуу, ал боюнча эскертүүлөр берилбейт, дароо каттоо жокко чыгарылат», — деп билдирди Жылкыбаев. Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрга белгиленген. Өлкө 30 көп мандаттуу округга бөлүнгөн, Жогорку Кеңешке ар бир округдан 3 депутаттан шайланат.



