Казакстанда Назарбаевдин жээни Кайрат Сатыбалды кармалды
Жекшемби, 13-мартта Казакстандын антикоррупциялык кызматы «кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана «Казахтелеком» акционердик коомунун каражатынын уурдалышы» фактысы боюнча кылмыш ишин козгогонун кабарлады.
Расмий билдирүүдө бул кылмышка шектүү катары Кайрат Сатыбалдыулы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени жазылган. Ал ким жана телекоммуникация компаниясына кандай тиешеси бары такталган эмес. «К.Сатыбалдыулынын мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирген кылмыштарга катышы бары иликтенип жатканы» кошумчаланган.
2021-жылы «Азаттыктын» казак кызматы Кайрат Сатыбалдыулы аттуу адам «Казахтелеком» телекоммуникациялык компаниясынын 24 пайыз акциясына ээлик кылган Skyline Investment Company S.A офшордук фирмасынын жападан жалгыз негиздөөчүсү экенин жазган. Бул маалымат люксембургдук LRB документинен алынган.
Казакстандык телекоммуникациялык рынокто жалгыз монополист «Казахтелекомдун» акциялар пакети люксембургдук компаниянын колуна 2018-жылы казакстандык бизнесмен Александра Клебанов аркылуу тийген. Келишимди анда Бакытжан Сагинтаев жетектеген өкмөт түзгөн.
Назарбаевдин жээни Кайрат Сатыбалды мамлекеттик кызматты аркалап келген. Борбор калаанын акиминин орун басары болгон, улуттук «Казахойл» жана «Казахстан темир жолы» компанияларын жетектеген. 2010-2015-жылы мурдагы президент Нурсултан Назарбаев жетектеген «Нур Отан» партиясынын борбордук аппаратында жүргөн.
Кайрат Сатыбалды «Азаттыктын» казак кызматынын Алматыдагы кыймылсыз мүлккө мурдагы президенттин кызы жана күйөө баласы ээлик кылганы тууралуу байланыштуу иликтөөсүндө аты аталган. Алматынын жогору жагындагы бул жер участогун жана сарайды «КНБнын чоңуна таандык» дешкен. Назарбаевдин жээни чындар эле Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинде иштеген. «Азаттык» анда жердин жана мүлктүн ээси Кайрат Сатыбалдынын жубай деп аталган Асел Бахтияр кызына катталганын тапкан.
Үч жыл мурда Сатыбалды Kaspi.kz компаниясындагы өз үлүшүн расмий түрдө саткан. Бирок 2018-жылы Люксембургдун офшорунда Сатыбалдынын атына катталган Skyline Investment Company S.A компаниясыннын биргелешкен активи 266 млн. долларды түзгөн.



