Окуялар

Кыздардын алтындарын чечип алган. Бишкекте кылмышка шектүү шылуун аял кармалды

Бул 11-мартта борбор калаанын Кара-Жыгач конушунда болду.

КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын оперативдүү-режимдик башкы башкармалыгынын кызматкерлери (Панфилов ИИБнын кызматкерлери менен биргеликте) 30 жаштагы Ж.А.Д. аттуу жаранды кармашкан.

Бул жаран Чүй облусунун Панфилов, Москва жана Жайыл райондорунун аймагындагы орто мектептеринин жашы жете элек окуучулардын алтын, сөйкө,  шакек, чынжырларын жана башка буюмдарын алдоо жолу менен тартып алганы үчүн издөөдө жүргөн.

2022-жылдын башынан бери жаш кыздардын баалуу буюмдарын тартып алуу максатында ал жакка барып турганы аныкталган.  Маалыматка ылайык,  10го жакын мындай учуру катталган. .

Айта кетсек, буга чейин ага мындай кылмыштары үчүн бир нече жолу иш козголуп, соттолгон.

Азыр аталган райондордун ички иштер органдары тарабынан бул фактыларга тиешеси бар адамдарды, ошондой эле алдамчынын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркагандарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө,- деп айтылат ЖАКтын басма сөз кызматы билдирген маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button