Коом
Талас районундагы жылытуу пункту керектүү буюмдар менен камсыздалды

Талас районундагы Талды-Булак айылынын эски мектебине уюштурулган жылынуу пункту жаңыланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Кыш ызгаарынди иштеп келген жай бул ирет ашкана буюмдары, керебет, жууркан-төшөктөр, куткаруучулар үчүн негизги шаймандар, жылытуучу электр буюмдары менен жаңыртылды.
Пунктту жаңылоого Талас районун өнүктүрүү фондусуна 585 миң сом каралган.
«Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн колдоосу менен аталган пунктта Суусамыр – Талас –Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда жаралган кырдаалдарда жүргүнчүлөр келип ысык чай ичип, жылынып, убактылуу жайгашууга шарттар түзүлдү», — деп айтылат билдирүүдө.



