Коом

Бишкекте 30-декабрдан 1-январга чейин унаалардын кыймылы чектелет

Мэрия чектөөлөрдү Жаңы жыл майрамына карата киргизүүдө. Кыймыл чектеле турчу жерлер: 

Чүй проспектиси Эркиндиктен Панфиловго чейин — 30-декабрь саат 14:00дөн 1-январь саат 07:00гө чейин; 

Киев көчөсү Эркиндиктен Панфиловго чейин — 31-декабрь саат 14:00дөн 1-январь саат 07:00гө чейин (коомдук транспорт гана жүрөт).

Панфилов көчөсү Чүйдөн Киев көчөсүнө чейин убактылуу эки тараптуу болот — 30-декабрь саат 14:00дөн 1-январь саат 07:00гө чейин.

Бул күндөрү Эркиндик проспектисине (эки тарабынан тең) Чүйдөн Киев көчөсүнө чейин унааларды токтотконго болбойт. 

Майрам күндөрү машиналарды Жогорку Кеңештин имаратынын түндүк жана чыгыш тарабына, ошондой эле Раззаков, Орозбеков, Панфилов (Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишине) көчөлөрүнө токтотууга болот. 

Жаңы жыл түнү мэрия Ала-Тоо аянтынан шаардын чар тарабына коомдук транспорт уюштурат.

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button