Окуялар

Казакстандагы карызын төлөөдөн качкан. Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн казак жараны кармалды

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзгөн иш-чарасы учурунда чет өлкөлүк жаран бир нече жолу мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү жөнүндө маалымат алышкан.

 2022-жылдын 15-март күнү жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагынан Казакстан Республикасынын жараны 1969-жылы туулган З.Ф. кармалган.

Жаран З.Ф.нын айтуусунда, ал 2019-жылы Казакстан Республикасындагы компанияларга ири суммадагы акча каражатын карыз болуп калгандыктан жана аны төлөөдөн качуу максатында 2019-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөн.

Алынган маалымат боюнча, жаран З.Ф. Кыргыз Республикасына келгендиги тууралуу маалыматтар жок.

Бул факт боюнча  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүмү (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен кылмыш иши козголду.

 Азыркы учурда кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат, — деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button