Коом

Шыпыргы менен куралданалы! ЖАКтын кызматкерлери тазалыкты орнотууну колго алышты

Борбор калаанын борбордук бөлүгүндөгү үйлөрдүн көптөгөн тургундары жекшемби күнү эртең менен айланадагы таза тротуарларды, тазаланган арыктарды, иретке келтирилген аймактарды көрүп таң калышты…

«Мынчалык жакшы ишти ким жасады? Кимге чын дилимден чон рахмат айтам?!”-деп бири-биринен сурашты. Жаза аткаруу кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери жеңин түрүп, бир дем менен аталган кварталдарды тазалоого чыгышкан.

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын мэриясы 1-февралдан 31-июлга чейин шаарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча толук алты айлык жарыялаган. Дал ушул маанилүү иш чарага ЖАКнын патриоттору да кошулду, алар айлананын бардыгын таза жана гүлгө чөмүлүп турушун көргүлөрү келишет…

Башка жерлер жөнүндө эмне айтууга болот? Таң калычтын кереги жок – ЖАКныны кызматкерлери бүтүндөй Кыргызстан боюнча өзгөчөлөнгөн тазалыкты колго алышты.

Республиканын аймагында тазалыкты  орнотуу боюнча акыркы «атайын операциянын» айрым учурлары тууралуу биздин фото баяндан тааныша аласыздар.

Ии баса мекендештер, силер да элден калбай, ишембиликке шымаланып киришкиле. Шыпыргы менен куралданалы — алга! – деп билдирди ЖАКтын басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button