Коом

Бишкектеги айрым райондордо жаратылыш газы өчүрүлөт. ТИЗМЕ

Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1973-жылы ишке берилген жер алдындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө газдын сызылып чыгуусу аныкталгандыктан, 2021-жылдын ноябрь айындагы төмөн температураны жана күзгү-кышкы жылытуу сезонун эске алуу менен убактылуу газдын сызылып чыгуусу токтотулган. Аба ырайынын жылышы менен 28-марттан 1-апрелге чейин Мурманск — Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жайгашкан газ өткөргүчтөгү газдын сызылып чыгуусун токтотуу иштери жүргүзүлөт.

Өткөрүлө турган иштерге байланыштуу төмөнкү көчөлөрдүн аймагында газ өчүрүлөт: Алыкулов, Киров, Абакан, Фрунзе; Баетов көч., 1 дарегиндеги «Продимпекс» ЖЧКсы.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы жарандардан түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button