Спорт

Бүгүн Кыргызстандын футболчулары өзбекстандыктар менен ойнойт

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн, 25-мартта, Наманган шаарында өзбекстандыктар менен ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлады.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө «Маркази» стадионунда Navruz Cup 2022 турниринин жарым финалынын алкагында өтөт.

Курама команданын катарында белгилүү спортчулар: Валерий Кичин, Алимардон Шүкүров, Одилжон Абдурахманов, Фархат Мусабеков, Эржан Токотаев бар.

Мындан сырткары, бүгүн Уганда менен Тажикстандын командаларынын жарым финалдык матчы Бишкек убактысы боюнча саат 16:30да болот.

Билеттин баасы бир күнгө секторуна жараша 270-450 сомдун ортосунда. Билеттер стадиондун кассасында сатылууда.

Түз алып берүү боюнча Кыргыз футбол союзу кошумча маалымат берерин айтты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button