Окуялар

Талас жана Чүйдө катуу шамал эки мектептин жана желимдөө жайынын чатырын учуруп кетти

Талас жана Чүй облусунда катуу шамал эки мектептин жана желимдөө жайынын чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.

Токмок шаарында 29-мартта саат 15:35тер чамасында ылдамдыгы 20-22 м/с жеткен катуу шамал катталып, Комсомольская көчөсүндөгү №1 орто мектебинин болжол менен 91 чарчы метр спорт залынын чатырын учуруп кеткен.

Аламүдүн районда ылдамдыгы 17-20 м/с жеткен катуу шамал катталып, Чугуев көчөсүнүн №11 дарегинде жайгашкан дөңгөлөк желимдөөчү жайынын (вулканизация) чатырын шамал учуруп, электр зымына илинип калган.

Ал эми Талас облусунда ылдамдыгы 25-27 м/с жеткен катуу шамал катталып, Шекер айылынын Момбеков көчөсүндө жайгашкан Т.Айтматов атындагы орто мектебинин спорт залынын чатырын учуруп кеткен.

Жогорудагы окуялардан жабыркагандар катталган эмес.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button