Коом
5 күн ичинде суук түшүп, катуу жаан, мөндүр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт
20-25-апрель күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы болуп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
20-21-24-апрелде күндүзү жана 25-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Ал эми кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөп, бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.



