Коом

Молдовановкадагы No1 мекеменин жанынан мыйзам бузган адам кармалды

19-апрелге караган түнү саат 23:15тер чамасында No1- түзөтүү абагынын тосмосунун жанынан белгисиз адам кайтарылган мекеменин аймагына эки пакетти ыргытмакчы болгондугу аныкталган.

Аны дароо мекеменин ыкчам кызматкерлери менен Кайтаруу жана күзөтүү  департаментинин жоокерлери  бирге кармашкан. Мыйзам бузган өзүн Б.уулу Ж деп тааныштырган 2001-жылы туулган жаран болуп чыкты.

Табылган кара түстөгү баштыктардын ичинен скотч менен оролгон жашыл түстөгү мүнөздүү жыты бар, жалпы салмагы 513 граммды түзгөн зат болгон.

Окуя боюнча тиешелүү материалдар жана кармалган адамдын өзү Аламүдүн РИИБдин тергөөчүлөрүнө өткөрүлүп берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button