Коом

Төрага «Ас-Сафа» жана «Исар» кайрымдуулук фонддорунун өкүлдөрү менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын, ошондой эле «Ас-Сафа» жана «Исар» кайрымдуулук фонддорунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана кайрымдуулук ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер талкууланды. Төрага бул уюмдардын социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана калктын жашоо шартын жакшыртууга кошкон салымын белгилеп, аларга ыраазычылык билдирди.

Ошол эле учурда Марлен Маматалиев мамлекет менен кайрымдуулук фонддорунун ортосунда координация жетишсиз экенин белгиледи. Анын айтымында, кээде бир эле долбоор параллелдүү түрдө ишке ашырылып, натыйжада бир айылда эки ФАП курулуп калса, башка калктуу конуштарда мындай объекттер такыр жок болуп жатат.

Ал мамлекеттик органдар менен кайрымдуулук уюмдары бири-бирин толуктаган, бирок долбоорлор кайталанбаган системалуу иш алып баруу зарылдыгын баса көрсөттү.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаттары фонддор менен активдүү кызматташып, аймактарда бир катар социалдык долбоорлорду ишке ашырып жатканы белгиленди. Ушуга байланыштуу төрага чачыранды иштерден баш тартып, бирдиктүү координация системасына өтүүгө чакырды.

Кайрымдуулук уюмдарынын өкүлдөрү сунуштарды колдоп, бир багытта иштөөгө даяр экенин билдиришти. Ошондой эле алар жер-жерлерде туш болуп жаткан көйгөйлөрдү, анын ичинде бюрократиялык тоскоолдуктарды айтышты: айрым курулган медициналык объекттер пайдаланууга берилбей жатат, ал эми кээ бир айылдарда социалдык мекемелерди курууга уруксат алуу кыйынчылыктарды жаратууда.

Жооп иретинде Марлен Маматалиев парламент фонддор менен түз байланыш түзүүгө даяр экенин жана пайда болгон маселелерди ыкчам чечүүгө көмөк көрсөтөрүн билдирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button