Коом

УКМК: “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактык башкармалыгынын оператору жана ортомчу пара алып кармалды

2022-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө (Пара талап кылуу) боюнча каралган кылмыш ишинин алкагында пара алып жаткан жеринен КР ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын кызматкери жана ортомчу кармалды.

КР ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын оператору А.М.И. ортомчу Б.Ш.Ж. аркылуу Жалал-Абад шаарынын тургунунан айдоочунун күбөлүгүн алуу үчүн экзаменди тапшыруу маселесин оң жагына чечип берүү үчүн коркутуу жолу менен акча каражатын талап кылганы аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында КР ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын оператору А.М.И. жана ортомчусу Б.Ш.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалды.

Аталган жарандар Сузак РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button