Коом

Дайырбек Орунбеков: “Америка Тажикстанга “беспилотниктерди” бермей болду, Кыргызстандагы НПОчулар кандай көз карашта?”

Белгилүү журналист Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына Американын Тажикстанга берген аскердик техникалары тууралуу пикирин жазды.

Америка Тажикстанга “беспилотниктерди” жана  аскердик базасын, техникаларын жакшыртууга 60 миллион доллар жардам берет. Бул тууралуу Американын Тажикстандагы элчиси Джон Марк Поммершайм 10-майдагы маалымат жыйынында билдириптир.

Бул маалымат мени тынчсыздандырат. Чек ара аймагындагы жашаган баткендик тууганарыма дагы жагымыз жаӊылык деп ойлойм.

Мага бир нерсе кызык. Украинадагы абалды саясатташтырып, көчөгө митинг кылып, жата калып, өкүрүп-бакырып кыйкырган Кыргызстандагы америкачыл журналисттер, НПО өкүлдөрү бул боюнча кандай көз карашта болду экен? Америка дайым бизге кол салып, ок аткан Тажикстанды куралдандырып жатканына эмне деп мүнөздөмө беришет? – деп жазды Дайырбек Орунбеков.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button