Коом
Кыргызстанга «Google салыгынан» түшкөн киреше 5 эсеге өстү

Январь-апрель айларында чет элдик компаниялар Кыргызстандын бюджетине “Google салыгы” түрүндө 315 млн 157,2 миң сом которду. Бул тууралуу “Акчабар” маалымат агенттиги жазып чыкты.
Анын ичинен апрель айында компаниялар 126 млн 250,1 миң сом которгон. Бул бир айдагы салыктын бул түрү боюнча түшүүлөрдүн эң жогорку көрсөткүчү.
Эске салсак, 2023-жылдын төрт айында казынага “Google салыгы” түрүндө 5,4 эсе аз, болгону 58,6 млн сом түшкөн. Ал эми 2023-жылы жалпы 438,1 млн сом салык түшкөн.
Ошентип, алгачкы төрт айдын көрсөткүчтөрүн эске алып, быйылкы жылдын аягында салыктын бул түрү боюнча 2023-жылдагыга караганда алда канча көп салык түшө тургандыгын күтүүгө болот.



