Коом

Уурдалган сыйлыктар каза болгон офицердин үй-бүлөсүнө тапшырылды…

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын ардагерлери ЖАКнын тарбиялык, социалдык жана психологиялык иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте маркум полковник Максат Турарович Турпанбаевди эскерүү кечесин өткөрүштү.

Курандан дуба окулуп, офицердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюлуп, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө мурда Турпанбаевдин үйүнө кылмышерлер кирип  уурдалып кеткен медалдары менен баалуу сыйлыктары тапшырылды.

Аттиң, укук коргоо органдарынын иликтөөсүнүн натыйжасында уурдалган оригиналдуу сыйлыктар азырынча табылбыла элек. Бирок ага карабастан Турпанбаевдин кесиптештеринин өжөрлүгүнүн аркасында дубликаттар калыбына келтирилип, анын үй-бүлөсүнө өткөрүлүп берилди.

Маркумдун жакындары ЖАКнын төрагасы, генерал-майор Аскат Эгембердиевге сыйлыктарын калыбына келтирүүгө көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button