Коом

Чаткал районунда калың түшкөн кардан улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Жалал-Абад облусуна караган Чаткал районунда калың түшкөн кардан улам II даражадагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматтарда кардын калыңдыгы 1,5 метрге чейин жеткени айтылууда.

Мындан тышкары, ӨКМдин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы Бишкек — Ош автожолунун 255-260-чакырымдарына, Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка автожолуна кар көчкү түшүп, эки күндөн бери тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

Ошондой эле Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолу дагы кар көчкүдөн улам убактылуу жабылганы айтылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button