Коом

Каабанын макетин айланышкан бала бакчада балдар. Милиция иликтөө жүргүзүүдө

Баткенде милиция бала бакчадагы балдардын Каабанын макетин айланганы боюнча иликтөө жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылдын 6-майда Айдаркен шаарындагы “Сумая” бала бакчасында Орозо-Айт майрамына карата балдарга ажылык сапарында жана Умра сапарында аткарыла турган зыярат жөнүндө түшүнүк берүү максатында ачык саат уюштурулуп, ачык саат учурунда балдар бакчасынын ичине жасалган Каабаны айланып келме айтышкан учурду тарбиячысы видео тасмага тартып ата-энелерге отчет иретинде ватсапп группасына жөнөткөн.

Бул видео социалдык тармактарга таркап, коомчулукта ар түрдүү пикирлерди жаратууда.

“Сумая” балдар бакчасы орус тил багытындагы бакча, эч кандай диний мекемелерге тиешеси жок.

«Бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүп материал 2022-жылдын 31-май күнү Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы күндө текшерүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button