Коом
Эреже бузган депутат Тазабек Икрамовду милиция айыпка жыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовго коопсуздук курун тагынбай унаа айдап баратканы үчүн айып салынды. Бул туурасында Бишкектин Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Эл өкүлү жергиликтүү ЖМКлардын бирине маек берүү учурунда эреже бузуп, машина айдап баратканы тартылган. Ал видеону көргөн соцтармак колдонуучулары сын пикир айтышкан.
«Албетте, Жогорку Кеңештин депутаты катары жоопкерчилик тартпоого мыйзам жол берет. Бирок мыйзамды сыйлаган, коомчулуктун сын пикирин эске алган эл өкүлү катары жоопкерчиликти алып, өзүнө карата түзүлгөн протоколго макулдугун берди», — деп айтылат маалыматта.
Натыйжада депутатка тийиштүү протокол толтурулуп, 1000 сом айып салынган.



