Коом

Ош шаарында издөөдө жүргөн мурдагы милиция кызматкери кармалды

Ошто чала таанышынын эки унаасын алып, акчасын бербестен изин жашырып кеткен мурдагы укук коргоо кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаар тургуну арыз менен кайрылып, өткөн жылы 17-октябрда «А» аттуу жаран ишеничине кирип, «Тайота-Камри» жана «Лексус JX-470» үлгүсүндөгү автомашинасын алып, акчасын бербестен изин жашырып кеткендигин билдирген.

Аталган факты боюнча милиция алдамчылык беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүүгө издөө жарыяланган.

Иликтөө учурунда ал Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 1997-жылы туулган тургуну, мурда 3 жолу соттолгон, учурда дагы «адам өлтүрүүгө аракет жасоо» беренеси менен сот жообуна тартылаар алдында турган, мурдагы милиция кызматкери М.А. экендиги аныкталды.

Шектүү 14-июнь күнү Жалал-Абад шаарынан кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштер уланууда.

«Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү кимде-ким бул шектүүдөн жабыр тарткан болсо 03222-6-64-02 жана 0700-50-50-37 номерлери аркылуу байланышып коюуну суранат», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button