Коом

Татыктууларга сыйлыктар. Кыргызстандын пенитенциардык тутумунун ардагерлерине медалдар тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Ардагерлер кеңеши камкордукка алынгандарды эч качан унутпайт, аларга сый-урмат көрсөтүп, татыктуу сыйлыктар менен сыйлап келет.

 Бул жолу да күндүн баатырлары менен Кеңештин төрагасы Алибай Нишанбаев менен бирге ЖАКнын төрагасынын кеңешчиси Меңдибек Сыйдалиев жана Тарбия, социалдык жана психологиялык иштер башкармалыгынын башчысы,  Нурдин Бердикожоев жолугушту.  Булар 60 жаштагы Шарипа Абакирова менен Абдыкерим Исманалиев, ал эми Кенжеева Раткүл Мукешовна болсо 80 жашта!

 Жылуу куттуктоолордон кийин туулган күн ээлерине «Мыкты Айым», «Кадыр», «Ардагер» медалдары тапшырылды.

 Өмүрүңүз узун болсун, урматтуу карыяларыбыз! –деп айтылат ЖАК маалымат борборунун билдирүүсүндө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button