Коом

Жанар Акаев: Дүйнөлүк банк Сулайман-Тоону реконструкциялоого 12 миллион доллар бөлгөн

Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Сулайман-Тоого эч кандай башаламан курулуш, асма жол же соода күркөлөрү салынбай турганын билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк банк Сулайман-Тоону реконструкциялоого 12 миллион доллар бөлгөн, бирок бюрократиялык тоскоолдуктардан улам бул каражат 6 жылдан бери колдонулбай турат.

“Мен болгону ашыкча бюрократияны токтотуу керектигин айткам. Ар бир ташты узак убакыт макулдашып отурсак, иш алдыга жылбайт. Тоо ЮНЕСКОнун тизмесинде турганын жакшы түшүнөм, бирок тоскоолдуктарды азайтышыбыз керек”, — деди калаа башчысы.

Ошондой эле шаар жетекчиси мурдагы мэр Нариман Түлеев тоону ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгарууну сунуштабаганын тактады.

“Түлеев болгону асма жол куруу боюнча өз идеясын бөлүшкөн. Бирок бул курулуш планы эмес, жөн гана идея болчу. Ал эми тизмеден чыгаруу маселесин мен мисал катары гана келтиргем. Тоонун айланасын көрктөндүрүү иштери ЮНЕСКОнун жана Маданият министрлигинин бардык талаптарын так сактоо менен жүргүзүлөт”, — деп белгиледи Акаев.

Тектеш кабарлар

Back to top button