Коом

Бишкекте аял пластикалык операциядан (липосакция) соң көз жумду

Бишкекте аял пластикалык операциядан соң (липосакция) көз жумду.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бейтап жеке клиникадан Улуттук госпиталга оор абалда түшкөн.

«Көрүлгөн чараларга карабастан, ал каза болду. Тиешелүү экспертиза дайындалды, укук коргоо органдары тарабынан баа берилет», — деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде, милициянын басма сөз кызматы бул факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси (Медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбашы) боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button