
Буга чейин программага казактардын көкпар оюну гана киргени маалым болгон.
Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Рамис Жунусалиевдин айтымында, бул маселе Садыр Жапаровдун апрелдеги Казакстанга болгон иш сапарында чечилген.
Сентябрда Казакстанда өтчү Көчмөндөр оюндарына эми Кыргызстан көк бөрү жана көкпар боюнча эки курама команда даярдап бармакчы.
Белгилей кетсек, Казакстан Кыргызстандын улуттук курама командаларын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн расмий чакырды.



