Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абени атып кетишти

Япониянын Нара шаарында мурдагы премьер-министр Синдзо Абени атып кетишти. Абе боюнча так маалымат жок, бирок ЖМКлар ал каза болгонун божомолдошууда.
Япония өкмөтүнүн басма сөз катчысы Хирокадзу Мацуно журналисттерге Абени атып кеткенин ырастап, бирок мурдагы чиновниктин абалы тууралуу маалымат жок экенин айткан.
NHK телеканалы жана Киодо Цусин агенттигинин маалыматына караганда, Абе Нара шаарында сөз сүйлөп жаткан учурда белгисиз куралчан адам аны далыга эки ирет аткан.
«Абе ооруканага жеткирилген, бирок акыркы маалыматтар боюнча анын жүрөгү токтоп калган. Бул анын өлгөнүнөн кабар бериши мүмкүн. Бирок, маалымат тактала элек», — деп билдирген Би-Би-Синин Токиодогу кабарчысы.
Мурдагы чиновникти аткан адам 40 жаштарда, ал кармоо учурунда каршылык көрсөткөн эмес.
67 жаштагы Синдзо Абе 2020-жылы премьерлик кызматтан кеткен, бирок ал Япониянын Либералдык-демократиялык партиясында таасирдүү фигура бойдон калган.
Булак: Би-Би-Си



