Эртең Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат. Себеби
Эртең, 9-июлда Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат.
Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, жолдор Курман айт намазына байланыштуу таңкы саат 04:00дөн 08:00гө чейин жабык болот.
Убактылуу жабык болчу көчөлөрдүн тизмеси:
— Чүй көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, Касым Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
— Фрунзе көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, Касым Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Жабыла турган көчө кесилиштери:
— Касым Тыныстанов көчөсү менен Абдумомунов көчөсүнүн кесилиши;
— Логвиненко, Панфилов, Орозбеков, Тыныстанов көчөлөрүнүн Чүй жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишкен жерлери.
Кайгуул кызматы айдоочуларды аталган көчөлөрдүн кесилишине автоунааларды калтырбоону өтүнөт жана жолдорду жабуу жана тазалоо иштери таңкы саат 04:00дөн тартып башталарын эскертет.



