Коом

«Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унааларга кайрадан чектөө коюлду

Бишкек-Ош унаа жолунун 81-чакырымындагы «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр кайра киргизилди. Бул тууралуу «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жайкы дөңгөлөктүү унаалар алыскы сапарга чыккандыктан, Төө-Ашуу ашуусунда жол кыймылы кыйындады. Мындай унаалар тыгындарды жаратып, атайын техниканын иштешине тоскоолдук жаратат.

Учурда № 9 жол чарба башкармалыгынын кызматкерлери жолду кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button