Коом

Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси дагы бир айга абакта калтырылды

Кызматтан убактылуу алынган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекова дагы бир айга абакта калтырылды. Мындай чечимди Каракол шаардык соту чыгарган.

«Тилекова Мээрим Тилековна 2022-жылдын 11-августуна чейин абакта калтырды», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Тилекова үстүбүздөгү жылдын 17-майында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде кармалган. Андан кийин тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилген. 19-майда Тилекова үй камагына чыгарылган.

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button