Окуялар

Токмокто эки унаа сүзүшүп, 3 жигит жабыркады

Чүйдө эки унаа сүзүшүп, 3 адам ооруканага кайрылган. Бул тууралуу  Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 18-июлда саат 18:57 чамасында ооруканадан милицияга маалымат түшкөн. Маалыматта Бишкек-Торугарт жолунун 63-чакырыманда эки унаа сүзүшкөнү айтылган. 1996-жылы туулган айдоочу Пассат В3 унаасы менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып, 1995-жылы туулган жарандын башкаруусундагы Тойота Виндом унаасы менен сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 1996-жылы туулган эки жаран жана 1998-жылы туулган бир жигит Токмок аймактык ооруканага кайрылышкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button