Саясат
Токаев: «Камбар-Ата-1» ГЭСин ишке киргизүү Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдейт

Кыргызстандагы «Камбар-Ата-1» ГЭСин ишке киргизүү Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдейт. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбордук Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди.
Анын айтымында, Казакстан транс чек аралык дарыялардын суу ресурстарын өз ара пайдалуу шартта пайдалануу үчүн биргелешкен гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берет.
“Кыргызстанда «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу долбоору кызуу талкууланууда. Анын ишке кириши Борбор Азия мамлекеттеринин энергетикалык коопсуздугун чыңдап, айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүү үчүн шарттарды жакшыртат”, — деди ал.



