Коом

Бишкекте 2024-жылы жаңы төрт көпүрө курулат

Мэрия курулуштардын долбоорлору даяр экенин, экспертизаны жүргүзүү калганын билдирди. 

Чыгыш автобекетинин жанындагы Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн жаңысы курулат. 12 метрлик көпүрө 30 метрге кеңеймекчи.  

Ауэзов — Шабдан Баатыр көчөлөрүндөгү көпүрө жаңыланат. Ал жак 21 метрге кеңейгенден кийин (азыр 10 метр) бир капталынан бир эмес, 2-3 унаа өтүп калат. 

Үчүнчү көпүрө 7-Апрель жана Юнусалиев көчөлөрүн бошотуу үчүн салынат. Унаалар көпүрөдөн Ахунбаевге өтүшү үчүн Медеровго чыкчу Шүкүров  көчөсүндө курулат. Тротуарды эске алганда туурасы 15 метр болмокчу.

Чоң Чүй каналындагы Махатма Ганди көчөсүндөгү көпүрөнүн туурасы 20 метр, реконструкциядан кийин 28 метр болмокчу.

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button