Окуялар

Кадамжайда 8 жыл мурун адамды бычактап качып кеткен, издөөдө жүргөн жаран кармалды

Кадамжайда 8 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Гүлистан айылынын 1971-жылы туулган Х.А., аттуу тургуну. Ал 2014-жылы Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Ормош айылында навайканада нан жаап иштеп жүрүп, навайкананын ээсине бычак сайып, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Жогорудагы факты боюнча издөө иштери ачылып, изин жашырып жүргөн жаран 7-июлда Сүлүктү шаарында кармалган.

Учурда шектүү жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button