Коом

Казакстандын Башкы прокуратурасы Викрам Рузахуновду Казакстанга чакырды

Казакстандын Башкы прокуратурасы кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун Казакстанга келиши боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 10-февралынан бери Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын Алматы облусу боюнча башкармалыгы Викрам Рузахуновго карата кыйноо фактысы боюнча облустун укук коргоо органдарынын белгисиз кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатышат. 19-февралда Рузахуновду тергөө органы жабырлануучу катары тааныган.

«Бүгүнкү күндө бул иш боюнча Алматы шаарынын, Алматы облусунун ИИМинин, УКМКнын кызматкерлери жана медицина кызматкерлери суракка алынды. Бирок бир катар себептерден улам шектүүлөрдүн чөйрөсүн аныктоо мүмкүн болбой жатат (видеодо бардык кызматкерлер бет кап тагынышкан)», — деп билдирген Казакстандын Башкы прокуратурасы.

Ошондой эле Рузахунов менен жогорудагы окуяларга катышкан бардык кызматкерлердин сүрөттөрү облустук ички иштер башкармалыгынан суралганы белгилүү болду.

«Рузахунов анын катышуусунда зарыл болгон тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн бир нече жолу тергөө органына чакырылган. Учурда коопсуздук чаралары менен анын келиши боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деп кошумчалашкан Башкы прокуратурадан.

Эске салсак, январь айында Казакстанда орун алган баш аламандыктар учурунда коңшу өлкөнүн телеканалдардын биринде тополоңго катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтулгөн. Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан.

Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришкен. Президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча пикирлерин айтышкан.

10-январда музыкант өлкөгө алып келинген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button