Окуялар

Уурдалган телефондор табылды. Караколдо телефондорун уурдаткандар ШИИБдин тергөө кызматына кайрылса болот

Каракол ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан, өткөн жылдын ноябрь айында уюлдук телефондорду оңдоо жайынан 6 даана уюлдук телефондорду урдоого шектелип, Пристань-Пржевальск шаарчасынын 21 жаштагы тургуну К.М. кармалды.

Кармоо жүргүзүлгөндөн кийин, милиция кызматкерлери анын жашаган жеринде мыйзамдуу тинтүү иштерин жүргүзгөн учурда, жыйырмадан ашык уюлдук телофондор табылып алынган. Милиция кызматкерлери шектүүнүн үйүнөн табылган уюлдук телефондор уурдалган буюмдар экенин жокко чыгарышпайт. Ошондуктан, уюлдук телефондорун уурдатып жиберген жарандарды Каракол ШИИБдин тергөө кызматына, же кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнө кайрылууну өтүнүшөт.

Кылмыш – жаза кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда. Кылмышка шектелип кармалган жаран, соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча Каракол ШИИБдин УКЖга киргизилди,- деп айтылат Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирген маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button