ВИДЕО: Баңгизаттарды сатуу менен алектенген топ кармалды

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери баңги каражаттарды мыйзамсыз сатуу каналдарына бөгөт коюу боюнча иш-чараларды өткөрүүдө “Гашиш” баңгизатын тараткан кыргызстандыктардын тобун аныкташты.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында баңгизат саткан жарандын өздүгү аныкталып, ал 39 жаштагы жаран Р.А. болуп чыккан. Ыкчам кызматкерлер тарабынан аталган шектүүнү кармаганда, ал өз ыктыяры менен 4 баштыкча берген, ал эми мындан башка 2 баштыкчаны ыкчам кызматкерлер аныктап, табышкан. Экспертизага ылайык, алынган зат кара куурайдын чайыры “гашиш” болуп чыгып, бир баштыкчанын салмагы 38.91 грамм, экинчиси 25,31 граммды түзгөн.
Андан ары ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө 1977-жылы туулган У.Э. аттуу жаран кармалып, ал сатып алуучу менен сатуучунун ортосунда ортомчу катары “Бакыт” аттуу киши болгондугун көрсөткөн.
Ыкчам кызматкерлер анын жайгашкан жерин аныкташып, 1975-жылы туулган шектүү Б.А. негизги сатуучу катары Сокулук районунда кармалган. Кармалган жаранды жеке текшерүү учурунда 10 баштыкча табылып, алынган. Эксперттин корутундусу боюнча жалпы салмагы 97,82 граммды түзгөн кара куурайдын чайыры “гашиш” болуп аныкталган.
Андан аркы ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Б.А. үйүнөн 39 брикет менен эки конверт алынган. Алынган баңгизаттын салмагы 390 гр. түзгөн.
Азыркы учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар уланууда, — деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматынан.



