Окуялар
УКМК Баткенде мыйзамсыз лотерея өткөргөндөрдү аныктады
Кыргызстанда бир нече жылдан бери «Баткен лотереясы» деп аталган мыйзамсыз лотереялык оюн өткөрүлүп келгенин УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, лотерея Баткенде уюштурулуп келген. Анда бир билеттин баасы 2 000 сомдон 3 000 сомго чейин болгон.
«Бир эле турда 2 800 билет сатылып турган. Лотереяда автоунаалар, кыймылсыз мүлк да ойнотулган. Мыйзамсыз аракеттерден түшкөн жүгүртүүнүн болжолдуу суммасы 70 миллион сомго жакын», — деп айтылат билдирмеде.
УКМК маалымдагандай, белектерди уюштуруучулар даярдаган адамдар утуп, бирок аларды колуна алышкан эмес. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.


