Коом
Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча тендерге 5 компания катышты. Жеңүүчү эки айдын ичинде аныкталат

Бирок Энергетика министрлиги сырттан кийлигишүү жана башка терс жагдайларга жол бербөө үчүн конкурс бүткөнчө компаниялар тууралуу маалымат берилбей турганын айтты. Канчасы жеригиликтүү же чет өлкөлүк экендиги да айтылган жок.
Камбар-Ата-1 ГЭСи жергиликтүү энергетиканын флагманы болуп калмакчы. «Камбар-Ата-1» жана «Камбар-Ата-2» станциялары толугу менен ишке кирсе 1 000 мегаватт энергия өндүрөт, бул азыркы Токтогул ГЭСи чыгарып жаткан энергиянын көлөмүнө тете көрсөткүч. Камбар-Ата-1ден жылына 5,6 млрд киловатт-саат энергия өндүрөрү күтүлүп жатат. Долбоорго Казакстан менен Өзбекстан дагы акча салат.



