Коом
Кыргызстанда быйыл кредит алган адамдардын саны азайды
Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында микрокредиттик уюмдар тарабынан 298 миң адамга 17,4 миллиард сом насыя берилди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Кредит алган жарандардын саны 2021-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 31 миңге жана суммасы 300 миллион сомго азайган.
Быйылкы кредиттер төмөнкүдөй максатта берилген:
Керектөө муктаждыктарына — 42 пайыз;
Айыл чарба иштерин өнүктүрүүгө — 28;
Соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө — 12;
Курулушка — 6.
Насыялардын басымдуу бөлүгүн Бишкек шаарынын (18,5 пайыз), Ош (18 пайыз), Чүй (16 пайыз) жана Жалал-Абад облустарынын (14 пайыз) тургундары алган.



