Окуялар

Таласта 17 жаштагы кызды кошуна ага-ини зордуктаган

8-июнь күнү Талас РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Талас районунун Манас айылынын 2005-жылы туулган тургуну кайрылып, ушул эле айылдын 2003-жылы туулган тургунунан боюнда болуп калгандыгын билдирген. Бул тууралуу  Талас ОИИБден билдиришти.

Аталган факты Талас РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Текшерүү учурунда кыздын 24 жумалык кош бойлуу экендиги аныкталган. Учурда дайындалган соттук-психиатриялык экспертизасынын корутундусу жаңы гана даяр болгондуктан тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Ал эми «Турмуш» басылмасы кыздын апасына шилтеме берип, кызынын кошуна бир туугандар тарабынан зордукталганын жазып чыкты. «Кызымды кошунамдын 17 жаштагы уулу зордуктаганын билдим да үйүнө бардым. Бирок ал бала аскердик кызмат өтөөгө кетиптир. Анан кызымды баланын апасы экөөбүз отуруп алып сурадык. Ошол эле баланын 16 жаштагы иниси да сүйрөп барып зордуктаптыр», — деди апасы. Ошондой эле кыздын учурда ооруканада жатканын айтты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button