Коом

Нарындын мэри «алтын сертификат» алчу окуучунун мугалимине автоунаа убада кылды

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев «алтын сертификат» алган окуучунун мугалимине автоунаа белек кылууну убалады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Мындай демилге ар бир мугалимге стимул болот деп ишенем. Келерки окуу жылдын жыйынтыгы боюнча Нарын шаарындагы мектептерден ким ЖРТнын «алтын сертификатын» алса, ошол окуучунун мугалимине автоунаа белек кылабыз. Каржы булактарын табууну жана ушул ишти аягына чыгарууну өзүм көзөмөлдөйм», — деп жазган Тутуев.

Мэр убадасын Нарын шаарында болгон жалпы билим берүүчүлөрдүн август конференциясында айтканын кошумчалаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button