Окуялар

63 миң долларга зыян келтирген. Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты.

Буга чейин борбор калаанын тургуну алдамчылык жолу менен анын мүлкүн тартып алып, 63 миң доллар өлчөмүндө зыян келтирген белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен укук коргоо органдарына кайрылган. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган жаран борбор калаанын тургуну 1995-жылы туулган  Б.Б. кармалган.

 Алдын ала маалыматтар боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2021-жылы башка адамдар менен сүйлөшүп, жабырлануучуга тиешелүү унааны алдоо жолу менен ээлеп алып, 60 миң АКШ долларынан ашык зыян келтирген деп шектелүүдө.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат, — деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button