Коом

Кыргызстан жыл башынан бери карызын төлөөгө 20,5 млрд. сом жумшады

Кыргызстан жыл башынан берки жети айда мамлекеттик карызды төлөөгө республикалык бюджеттен 20 миллиард 575,4 миллион сом жумшады. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Январь-август айларынын аралыгында кутулган карыздын 13 миллиард 169,3 миллион сому тышкы жана 7 миллиард 401,1 миллион сому ички карызга сарпталган.

31-июлга карата берилген маалымат боюнча, Кыргызстандын ички жана тышкы бересесинин суммасы 5 миллиард 214 миллион долларды түзөт. Муну улуттук валюта менен эсептегенде 516 миллиард 839 миллион сом болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button