“Карысам да бир койлук алым бар” деп жатабы? Азимбек Бекназаровдун доору бүттү, эл аны ээрчибейт
Азимбек Бекназаров башында саясатка ыргаалдуу, күчтүү кирип, илең-салаң учурда артынан элди ээрчитип, көңтөрүш жасаганга жөндөмдүү лидерлердин бири болгон, — деп билдирди редакция менен байланышкан Жаркынай Кадыркулова.
— Билимин айта албайм, бирок бул Аксынын көзгө басар, көсөм жетекчилеринин бири болчу. Муну кезегинде эл ээрчиген. Өзү туулуп-өскөн жеринен депутат да болгон. Бирок кийинчерээк элдин ишенимин актабай, ойкуп-кайкып, саясаттын таза эмес оюндары менен өзүнүн артынан ээрчиген элди ирээнжиткен. Эли шайлабайбыз деп да чыккан.
Анан ал Атамбаевди көргө сүйрөгөн да, төргө сүйрөгөн дагы айланасындагы кошоматчылардын, болгондо да ярый кошоматчылардын бири. Түндүк-түштүк деп бөлгөнгө да аябай маш. Ар кандай бузукулук иштер менен, жаштарды тукуруп, тескери жолго салган жагынан алдына киши салбайт.
Балдары да туура эмес көрүнүштөр менен эл оозуна алынып калган. Саясатка аралашып жүргөн балдары бар. Эми бул жаш курагына жараша сыйлуу төрдө эле сакалын сылап отура турган жерде болчу. Бирок дагы да чалмакейди чалганга, “карысам да бир койчолук алым бар” деп жатабы, айтор шайтан оюндарын баштап жатат. Муну бирөө түртмөлөп жатабы же башынан эле өзү ушундай тынч жүрө албаган немеби айтор, дагы туура эмес иш кылып жатат. Бул кылганы туура эмес. Кудайга деле жакпаса керек. Мындай кишилердин түпкүрүндөгү оюн көрө билген, керек болсо муну такыр кабыл албаган жаштар бар азыр. Ошолордон кагуу жеп калышы да мүмкүн. Ошондуктан сакалын сыйлап өзү эле тынч отура берсе болмок. Азыр саясаттын сапаты да, ыкмасы да башка. Элдин көзү ачылып, мурункудай тукурук, чакырык, куру кыйкырыкка алданбай калган. Азыр андай ыкма менен саясий оюндарды жүргүзө албайт. Билимдүү, илимдүү, реалдуу көз карашы бар адамдар саясий аренага көп келип жатат, — деди мугалим Жаркынай Кадыркулова.



