Окуялар
Бишкекте жолдон өтүп бара жаткан кызды унаа сүзүп кетти

Бул боюнча Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, болжол менен саат 10:00дө Медеров – Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде “Тойота Королла” үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен.
Жол кырсыгынын кесепетинен жөө жүргүнчү кыз №4 ооруканага жеткирилген.
Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда.


