Окуялар

Ысык-Атада мас болуп 33 жаштагы аялын сабап өлтүрдү деген киши камакка алынды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда аялын сабап өлтүрдү деген шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 11-сентябрда райондук милицияга аймактык ооруканага 33 жаштагы келин сабалып түшкөнү, кийинчерээк өзүнө келбей көз жумганы тууралуу кабарланган.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине («Адам өлтүрүү») ылайык кылмыш иши козголгон. Тергөө жүрүп, натыйжада окуянын чоо-жайы такталды.

«Каза болгон келиндин 40 жаштагы К.М. аттуу жолдошу Ысык-Атанын Красная Речка айылындагы үйүндө арак ичип олтуруп уруш чыгарып, аялын сабаган. Жыйынтыгында келинчеги ооруканага түшүп, алган жаракатынан көз жумган», — деп жазылат маалыматта.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилгени кошумчаланды. Тергөө уланып жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button