Саясат

“Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай” темир жолунун курулушуна Рахмон ичи тардык кылуудабы?

Президент Садыр Жапаров “Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай” темир жолунун курулуш долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол койду. Буюрса темир жол долбоору ишке кирсе, мамлекетибиз тунгуюктан чыгат. Бүткүл дүйнөгө чыгууга жол ачылат. Кыргызстан аркылуу соода жүргүзү мүмкүнчүлүгү ачылат. Канча жылдан бери экспорт, импорт кылууда кошуналарга көз каранды болуп, айлап-жылдап чек арада күткөн учурлар болгон. Темир жолду куруу бул саясий чечим жана бекем эрк.

Эми туугандар, ушундай тарыхый чечимге кол коюшуп жактанда Тажикстандын мамилесин көрдүңөр да? Ок аткылап, ичи тардык кылып, чагымчылдык жасады. Башкалар деле буга кубанбайт. Бул кубаныч кыргыз элинин гана келечеги.

Эми кыргыз бийлигин ушул позициясы үчүн колдоп, коштоп турушубуз керек. Бул долбоордун ишке ашпай калуусуна кызыктар тышкы күчтөр бар. Себеби, соода айлантууда, экономикалык жактан позициясын алдырып жатышат.

Алар, биздин ичтеги эле саясатчыларды каржылап, бийликти кетирели деген максаттары дагы жок эмес. Мына, качкында жүргөн Сапар Исаков Адахан Мадумаров, Атамбаев сыяктуу саясатчылар менен Кыргызстандын өнүгүшүн каалабаган тышкы күчтөрдүн тилеги ушул жерден биригет. Алардын күнү-түнү тилеги бийлик чалынып, кулап түшсө экен дешет. Буларда жеке керт башынан башка кызыкчылыктары жок. Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолу кыргыз элинин келечеги!

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button