Баткенде Тажикстандын басып алуусу учурунда дайынсыз жоголгон кыргызстандыктар табылды

Тажиктер Кыргызстандын аймагына басып киргенде дайынсыз жоголгон төрт жаран табылып, коопсуз жайга жеткирилгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Дайынсыз жоголгон жарандар Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары болгон. «Куралдуу кагылышуу учурунда алар тоо тарапка качып барып баш калкалашкан. Ошентип, эвакуациялоо иштеринин алкагында ӨКМ кызматкерлери аларды таап, тик учак менен Баткенге жөнөтүштү», — деп айтылат маалыматта. Буга чейин ӨКМ министри Ажыкеев дайынсыз жоголгондорду издөө үчүн атайын топ түзүлгөнүн билдирген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы дайынсыз жоголгон жарандар тоого качып, ал жакта бир нече күн жүргөнүн белгиледи. «Алар тоого качып, ошол жерде отурукташып калышкан. Биз аларды траншеялардан таптык. Тик учактын жардамы менен алар табылып, Баткенге жеткирилди», — деди Ажыкеев.
Буга чейин Ажыкеев дайынсыз жоголгондорду издөө үчүн атайын топ түзүлгөнүн билдирген. 16-сентябрдан бери табылган жарандар тууралуу эч нерсе белгисиз болуп жаткан



