Коом

Мегакомго жаңы жетекчи дайындалганы айтылууда

MegaComдо башкы директор алмашты. Жаңы жетекчи болуп Нурлан Мамытов болду. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Алардын айтымында, жаңы жетекчи буга чейин командага тааныштырылган.
Бирок ЖАК бул маалыматты расмий тастыктай элек. «Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom соода маркасы) улуттук уюлдук байланыш оператору болуп саналат, анын акцияларынын 100 пайызы мамлекетке таандык.

Нурлан Мамытов Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү болгон. 2022-жылдын февраль айында ага коррупция боюнча айып тагылып, ал УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган, бирок Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын өзгөрткөнү маалым.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button