Кыргызстанда 3 600 үй-бүлөгө мамлекеттик колдоо көрсөтүлдү

Кыргызстанда турмуштук оор кырдаалда турган дээрлик 3600 үй-бүлө үчүн жеке коргоо пландары иштелип чыкты. Пландар үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын жакшыртууга жана балдардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Балдарды коргоо башкармалыгынын үй-бүлөлөрдү коштоо секторунун башкы адиси Айдана Мыктыбекова билдирди.
Анын айтымында, социалдык кызматкерлер ар бир үй-бүлөнү жекече коштоп, балдарды турмуштук оор кырдаалдан чыгаруу, алардын негизги муктаждыктарын чечүү жана коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча иштерди жүргүзүшөт.
«Баланы турмуштук оор кырдаалдан чыгаруу үчүн, биринчи кезекте, анын мындай абалга туш болушунун себептерин аныктайбыз. Эгер үй-бүлөнүн жашоо шартын жакшыртуу зарыл болсо, аны жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган мамлекеттик программаларга киргизебиз. Ошондой эле ата-энелер, туугандары жана бала билим алган мектеп менен биргеликте иш алып барып, зарыл болгон жардамды көрсөтөбүз», — деди Мыктыбекова.
Ал белгилегендей, мамлекеттик органдар балдардын укуктарын коргоо, балдар эмгегинин алдын алуу жана турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча ведомстволор аралык иштерди жүргүзүүдө.
Атап айтканда, бул багытта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Агартуу министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Ички иштер министрлиги, Башкы прокуратура жана Жазаларды аткаруу кызматы сыяктуу тиешелүү мамлекеттик органдар биргелешип иш алып барышат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 42 пункттан турган иш-чаралар планын аткарууда. Анын алкагында турмуштук оор кырдаалда турган балдарды өз убагында аныктоо, социалдык кызматкерлердин ишин өркүндөтүү, балдар эмгегинин алдын алуу жана үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүү каралган.
Мыктыбекованын маалыматына караганда, ИИМдин кызматкерлери оор жумушка тартылган же кооптуу кырдаалда калган баланы аныктаган учурда, маалымат тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет. Андан соң балага жана анын үй-бүлөсүнө социалдык коштоо көрсөтүлө баштайт.
Мындан тышкары, балдардын укуктарын коргоо жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул багытта 27 мамлекеттик органдын сунуштары жана сын-пикирлери чогултулуп, ченемдик укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилүүдө.
Булак: «Кабар» кж.



